Тулобердиев Сагынбек Оморович

дене тарбия мугалими

Түлөбердиев Сагынбек Оморович

Ысык-Көл областына караштуу Түп районунун Бирлик айылында 1982-жылы  31-октябрда туулгам.Алты бир тууганмын.

1989-жылы мектеп босогосун жаңы аттап,1999-жылы ийгиликтүү аяктаган жана ошол эле жылы Каракол педагогикалык окуу жайынын дене тарбия бөлүмүнө өткөм.2002-жылы окууну аяктап Бирлик жалпы орто билим берүү мектебинде дене тарбия мугалими болуп эмгек жолун баштаган.

2002-2005-жылдары Ысык-Көл мамлекеттик университетинин дене тарбия факультетине  тапшырып өз билимимди жогорулаттым.2002-жылдан ушул күнгө чейин Бирлик мектебинде үзүрлүү эмгектенип келе жатам.                                                  3 кыз.4эркек баланын атасымын.Үзүрлүү эмгектин натыйжасында көптөгөн ийгиликтерди багындырдым.2007-жыл Түп айыл өкмөтүнүн ардак грамотасы.                                                                        2013-жыл 04.10. Түп райондук билим берүү кызматкерлеринин профсоюз комитетинин ардак грамотасы.2014-жыл Ысык Көл облусунун билим берүү кызматкерлеринин арасындагы тогуз коргоол оюну боюнча эркектер арасында 1-орун алган2015-жыл Ысык-Көл облусуна караштуу айыл өкмөттөр аралык Баскетбол боюнча достук мелдеште  Жети-Өгүз райондук өспүрүм  балдар спорт  мектеби  1-орун алган.                                                                                                                                                                                                                             2017-жыл  Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин ардак грамотасы.                                                                                                 2017-жылы “Жылдын мыкты машыктыруучусу”ардак наамы.2017-жыл  Тогуз коргоол боюнча эркектер арасында  1-орунду ээлеген.                                                                                                                        2019-жылы  Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун ардак грамотасы.                                               2007-жыл Түп айыл өкмөтүнүн ардак грамотасы.                                                                        2020-жылы Түп райондук мамлекеттик администрациясынын ыраазычылык баракчасы.

Ал эми окуучулардын жетишкендиктерин атап айтсак,2014-жылы ысык-Көл областында өтүлгөн”Тогуз коргоол”оюну боюнча 5-класстын окуучусу Филатова Руслана 1-орунду багындырып,Республикалык окуучулардын  чемпионатында 1-орунду ээлеген.2015-жылы Тогуз Коргоол боюнча өткөрүлгөн Республикалык чемпионатында 6-класстын окуучусу Аманова Руслана жана 8-класстын окуучусу Осмонова Алтынай 1-орунду ээлешип диплом,медаль жана баалуу сыйлыктар менен сыйланышкан жана областык Манасиадада  Бирлик жалпы орто билим берүү мектебинин окуучу кыздарынан  тузүлгөн Тогуз коргоол командасы 1-орунду багындырышкан.Ал эми баскетбол боюнча түзүлгөн эркек балдар командасы район боюнча 1-орун,област боюнча 3-орун ээлешип медаль,дипломдор менен сыйланышкан.

2016-жылы 7-класстын окуучусу Аманова Руслана Тогуз коргоол оюну боюнча Республикалык деңгээлде өтүлгөн окуучулардын чемпионатында эки жолку чемпион болуп,Үрүмчү шаарында боло турчу Азия чемпионатына катышууга жолдомону  утуп алган.

2016-жылы Россия мамлекетинин Тоолуу Алтай шаарында өтүлгөн тогуз коргоол боюнча Азия чемпионатында 8-класстын окуучусу Аманова Руслана 3-орунду багындырып диплом,медаль жана акчалай сыйлыктар менен сыйланган.2016-жылкы Манасиадада Бирлик мектебинин баскетбол боюнча командасы райондук деңгээлде 1-орунду ээлеп,областык деңгээлде 4-орунду ээлешкен.Ал эми Тогуз коргоол оюну боюнча Бирлик жалпы орто билим берүү мектебинин окуучу кыздарынан түзүлгөн командасы район боюнча 1-орун,област боюнча 1-орунду ээлешип,Республикалык Спартакиадада байгелүү 1-орунду камсыз кылып келишкен.

2017-жылы жазгы Манасиадада Бирлик жалпы орто билим берүү мектебинин окуучу кыздарынан түзүлгөн тогуз коргоол оюну боюнча командасы райондук,областык деңгээлде 1-орунду ээлешип,Республикалык Спартакиадада байгелүү 2-орунду багындырып,баалуу сыйлыктар менен сыйланышкан.26-мартта 2022-жылы Каракол  шаарында болгон Тогуз коргоол оюну боюнча областын биринчилигинде окуучуларыбыз 3-орунду ээлешкен.

Ал эми 2021-2022-окуу жылындагы болуп өткөн “Мектеп Лигасында” баскетбол боюнча  эркек балдар командасы район боюнча 3-орунду камсыз кылышты.