Омурбек кызы Акылай

Гуманитардык УБ башчысы кыргыз тили, адабияты мугалими

Ѳмүрбек кызы Акылай 1989-жылы 6-ноябрда Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Савай айылында торолгон.

1996-жылы Санташ айылындагы А.Муканов мектебинин босогосун аттап,9-класстан тарта Бирлик жалпы орто билим берүү мектебинде  окуп,2007-жылы Бирлик жалпы орто билим берүү мектебин ийгиликтүү аяктаган.Ошол эле жылы Бишкек шаарындагы И.Арабаев университетинин химия факультетине тапшырып,2008-жылы Ысык-Кѳл мамлекеттик университетинин филология факультетине которулуп,2015-жылы аяктаган.

2008-жылдан тартып Бирлик жалпы орто билим берүү мектебинде эмгектенип келет.Эмгектенген мезгилдин ичинде ѳзүнүн ишин так жана жоопкерчиликтүү аткарып келди.Эмгек жолунда окуучуларга билим жана тарбия берүүдѳгү чыгармачлыгын баалапмектеп падминистрациясы  тарабынан бир нече ардак грамоталар менен  сыйланган.2011-жылы К.Карасаевдин 110жылдыгына карата ѳткѳрулгѳн «Сулуулар»сынагына катышып «Эл сүймѳнчүлүгүнѳ ээ болуу»деген ардак грамотасы менен жана баалуу белек  менен сыйланган.

2015-жылы «Жыл мугалими»сынагына катышып 2-орунга ээ болуп,Райондук грамотага ээ болгон.

Ѳз убагында билимин жогорулатуу курстарга барып,сертификаттарга ээ болгон.

2019-жылдан бери «Гуманитардык багыттагы усулдук бирикмесин» жетектеп келет.

2018-2019-жылы балдарга билим жана тарбия берүүдѳгү кошкон зор салымы үчүн айыл ѳкмѳттүн ардак грамотасына ээ болгон.

2019-2020-окуу жылында окуучусу райондук олимпиадада 1-орунду багындырып,2020-2021-окуу жылында да райондук олимпиадада окуучусу 2-орунду багындырып областтык олимпиадага жолдомо алышкан.Мугалимдин аткарган иштери бааланып 2020-2021-окуу жылында Райондук грамотага ээ болгон.

2021-2022-окуу жылында окуучулары Билимкана тарабынан уюшулган олимпиадага катышып,2 окуучусу областтык турдан ѳтүп республикалык олимпиадага жолдомо алышкан.

Азыркы учурда Бирлик жалпы орто билим берүү мектебинде эмгектенип келет.