Тарых, адам коом, география предметтеринин жумалыктары отулуудо.
«Тарых – бизге өткөн жашоодон жарык берген шам чырак.»
В.О.Ключевский.
«Тарых» сөзү грек тилинен алганда «өткөндөр жөнүндө баян» деген маанини туюндурат. Силер кандайдыр-бир окуянын тарыхка киргенин айтканда, ал коомдун саясий, социалдык же маданий жашоосундагы маанилүү, олуттуу окуя болгонун эске аласыңар. Тарыхый илимди саясий же аскердик тарых, илимдин жана техниканын тарыхы, искусствонун тарыхы сыяктуу коомдун турмушунун ар тарабы жөнүндөгү илимдердин бүтүндөй топтому катары кароого болот… Мында көңүлдүн борборунда дайыма АДАМ турат.
Тарых илиминин өтө жооптуу милдети бар – учурду түшүнүү жана келечекти калыптандыруу үчүн адамдардын өткөн муундарынын тажрыйбасын колдонуу максатында өткөндү изилдөө. Биздин «Тарых» деп аталган сабакты окуткан бетибизден силер келечегиңердин пайдубалын түптөшүңөр үчүн таанып-билүүчүлүк предмет болуп саналат.
27-ноябрдан-08-декабрь айына чейин тарых, география, адам коом предметтеринин жумалыгы отулуудо. Жумалык окуттуну жакшыртуу пландын негизинде мектеп ичинде буйрук чыгып, аткарылуучу план тузулуп, окуучулар арасында ар кандай мелдештер отулуудо. ачык сабактар, конкурстар, КВН уюштуруулуда.
Комментарии