Башталгыч класстардын декадасы отулду. 2024-жыл 11-ноябрь-11-декабрь
Бирлик жалпы орто билим берүү мектебинин 2024-2025-окуу жылындагы ноябрь айындагы “Билим башаты башталгыч класс”аттуу башталгыч класстын 11-ноябрдан 11-декабрга чейинки декаданын өткөрүлгөн маалыматы
1.Башталгыч класстардын “Билим башаты башталгыч класс аттуу”декадасында пландын аткарылышы,ачык сабактар,сабактардын берилиши .
Кезектеги иштер
Биринчи маселе боюнча усулдук бирикменин башчысы Р.Джанболотова Бирлик жалпы орто билим берүү мектебинде ноябрь айында “Билим башаты башталгыч класс”аттуу башталгыч класстын декадасы болуп өттү.Декаданын планы иштелип чыгап
директор тарабынан бекитилип линейкада окуучуларга таааныштырылып,1-4класстын окуучулары активдүү катышышты. Алгач башталгыч класстын залы кооздолуп жасалгаланды.Окуучуларга жагымдуу маанай түзүлдү.
Ар бир класс декадага карата дубал газеталар чыгарылып бурчтар уюштурулду. План боюнча ар бир класста “Ачык эшиктер” болуп өттү.Анда ар бир класс жетекчи ачык сабактарын өтүштү.
1-4-класстардын сабактарынын берилиши иш кагазддарынын абалы жана ачык сабактар
1а-класс 15 окуучу билим алып жатат 7кыз,8бала класс жетекчиси:Жанузакова Аида Кирешеевна тажрыйбалуу мугалим,сабактарын өз убагында чыгармачылык менен менен өтөт,окуучулардын окуу куралдары толук ,дептерлери дептерлери иреттүү ,таза тыкан №1 №2дептерлери бар.Окуучулардын кол жазмасы эң жакшы жазган окуучулар,Кенжебаева Айбийке,Ишенов Залкарбек,Исмагулов Нуриман,Уланова Нагима,Эрланов Чынгыз.
План боюнча 1а-класстар жана 1б-класстар арасында болуп өттү. “Сыйкырдуу жомоктор дүйносүнө саякат”Сурөт коргөзмөсүн уюштуруу.Ар бир окуучу өзүлөрүнө жаккан жомокторун ватманга чагылдырып мыкты деңгээлде тартып келишкен.Сүрөттөрүнүн баары түстүү боектор колдонулуп мыкты тартылган.1а-класстан Кенжебаева Айбийке,Ишенов Залкарбегим,Уланова Нагима,Эрланов Чынгыз.
Ал эми 1б-класстар арасында Абдархманов Назар,Абдрахманова Фатима,Бердибеков Сыргак ,Омургазиев Нурали бул окуучуларга грамоталар тапшырылды.
1б-класс класста 15 окуучу билим алып жатат,анын 10 эркек бала 5кыз бала .Класс жетекчиси: Аалиева Сейилкан Илиясовна чыгармачылык менен иш алып барып,өзүнүн ишин мыкты билген ,тажырыйбалуу мугалим.Окуучулардын дептерлери иреттүү,таза өз убагында текшерилип турат.№1 №2 дептерлери бар.Окуучулардын кол жазмасы жакшы,анын ичинен тандалып алынга окуучулар:Абдрахманов Назар,Абдрахманова Фатима,Бердибеков Сыргак,Омургазиев Нурали
2а-класс 14 окуучу 7 бала,7 кыз билим жана тарбия алып жатышат.Класс жетекчиси:Турусбекова Айгүл Калыбековна өз ишине жоопкерчилик менен мамиле кылган,чыгармачыл мыкты мугалим.Сабактарын дайым жандуу кызыктуу откөнгө аракет кылат.Класста окуучулардын кол жазмалары сулуу,жана тыкан, кундөлүктөрү иреттүү.Дептерлери өз убагында текшерилип,быйтыкчалар менен бааланып турат.
Турусбекова Айгүл Калыбековна 20-ноябрда математика сабагынан,”Эки орундуу сандар” темасында ачык сабак өттү. Жагымдуу маанай кызыктуу болгон.Мында окуучулар өзүлөрүнүн маанайын сүрөт аркылуу билдирип беришкен. Сабакта коптөгөн методдор колдонулду. Балык уулоо оюну аркылуу тапшырмалар берилди.Логикалык суроолор берилди.Математикалык пазлдар чогултулду. Окуучулар активдүү катышышты.Көргөзмө куралдар баардыгы талапка жооп берет,балдардын жаш өзгөчөлүгунө жараша алынган ,көргөзмөлүү,сабакты жакшы даярдык менен өтту. Жыйынтыгында балдар баалоого медален менен бааланган.
2б-класс 13окуучу 9эркек бала,4 кыз бала билим алып жатышат.Класс жетекчиси : Абдыкадырова Кымбат Баянчыевна абдан аракетчил,окуучуларга кызыктыруучу көптогон метотддорду колдонуу менен сабактарын кызыктуу кылып өтөт.Дептерлери №1 №2 айлантма дептерлери бар,текшерилген, быйтыкчалар менен бааланып,окуу куралдары иреттүү таза.
Абдыкадырова Кымбат Баянчыевна 29-ноябрда мен жана дүйно сабагынан , “Жапайы жана үй жаныбарлары”деген темада ачык сабак өттү.Сабак жагымдуу маанай,алтын эреже менен башталды. Окуучулар абдан кызыгуу менен сабакка көңүл бурушту.Көргөзмөлүү,балдарга кызыктыруучу тапшырмалар колдонулду.Окуучулар жапайы жаныбарларды үй жаныбарларды суротунон тандап эки топко бөлүштү.Окуучуларга ватман берилди үй жаныбарлады жапайы жаныбарларды чапташты.
Эс алуу минутасы болду.Бышыктоо сабагында тест менен жыйынтыкталды.Баалоодо 1-топ үй жаныбарлары тооктун жумурткасы менен бааланды .2-топ бал менен бааланды.
3-класс класста 18 окуучу билим алышат, алардын ичинен 13 эркек бала, 5 кыз.Класс жетекчиси:Советбек кызы Салтанат өз ишине так,окуучуларга изденүү менен аракет кылып, жаңы методдорду көп колдонуп иштеп жатат. Окуучулардын кол жазмасы жакшы,окуу куралдары таза,иреттүү,күндөлүктөрү толгон,кол коюлган.№1 №2 дептерлери бар,сыртталган, текшерилген.
Советбек кызы Салтанат 27-ноябрда математика сабагынан, “Мисал,маселе иштөө” боюнча ачык сабак өттү.Сабакка бир топ жаны методдор колдонулду.Логикалык тапшырмалар,тест,баалоо апты колдонулду.2-токпко болундү.Окуучулар активдүү катышышты.Сабакка балдардын баары кызыгуу менен,берилген тапшырмаларды аткарып жатышты.
4а-класс класста 16 окуучу билим алышат,алардын ичинен 10 эрек бала, 6 кыз .Класс жетекчиси: Серкебаева Гүлзана Молдобаевна чыгармачыл,аракетчил,өз ишине так мыкты тажрыйбалуу мугалим.Окуучулардын күндөлүкторү толгон,баалар коюлган,дептерлери убагында текшерилип баалар коюлган.Айлантма дептерлери бар.Окуучулардын көпчүлүгү таза, сулуу жазышат.
Серкебаева Гүлзана 20-ноябрь математика сабагынан, “Көп орундуу сандарды кошуу жана кемитүү” темасында ачык сабак өттү.Сабак жандуу көргөзмөлүү ,бир топ жаны ыкмалар колдонулду.Сингапур ыкмасы колдонулду,клиновид,оюндар колдонулду,окуучулар ватманга иштешти,тестер берилди.Баалоодо корзинка менен бааланды,андан сырткары бала эмнени түшүндү,түшунгөндөрүн почтага кат аркылуу салынды,сабак жыйынтыкталды.Үй тапшырма берилди.
4б-класс класста 15 окуучу билим алышат ,алардын ичинен 7эркек бала 8 кыз.Класс жетекчиси: Бакай кызы Кенжегүл аракетчил чыгармачылык менен иштейт.Дептерлери иреттү,таза , кундөлүкторгө баалар коюлган.№1 №2 дептерлери бар,убагында баалар коюлуп текшерилип,турат,китеп дептерлери таза тышталган.
Бакай кызы Кенжегүл 27-ноябрь математика сабагынан, “Мисал,маселе иштөө”боюнча ачык сабак өттү.Окуучулар эки топко бөлүнүштү.Шамдагайлар,мыктылар.Мисал маселе иштешти.Мугалим сабакты жакшы даярдык менен көргөзмөлүү кылып өттү. Окуучулар активдүү катышышты.Баалоо боз үй менен баалашты.Шульте жаны метод колдонулду.
Андан сырткары ар бир класстан көркөм окуу боюнча жакшы көргөн чыгармаларын көркөм окуп беришти.
10-декабрда 4а-4б класстар арасында КВН өтүлдү.
Окуучулар ар бир класстан 5 тен окуучу катышышты.Берилген тапшырмалар окуучулардын билим денгээлине жараша түзүлгөн.
Математикалык суроолор
Математикалык оюндар
Логикалык суроолор болду.
Жыйынтыгында 1-орунга Жамалиев Акбар
2-орун Табалдиева Маржан
3-орун Алдашев Баяман
Бул окуучулар грамоталар менен сыйланышты.
Андан сырткары ар бир класстан эң таза сулуу жазган окуучулар тандалып алынды.
1а-класстан Кенжебаева Айбийке,Ишенов Залкарбек,Уланова Нагима,Эрланов Чынгыз.
1б-класстан Абдрахманов Назар,Абдрахманова Фатима ,Бердибекоов Сыргак,Омуралиев Нурали.
2а-класстан Нурланова Нурзада,Акимкожоева Каухар,Алдашова Айкөкүл,Мурзагалиев Амир,Кубанычбеков Муслим,Омургазиев Амир
2б-класстан Альменова Акмарал,Асхатов Ихсан,Дюшенкулов Хамза,Жакшылыков Билал.
3-класстан Бакаева Айбийке,Кыргызбаева Раяна,Хусейинова Анеля,Лукманова Залкарбек.
4а-класс Жамалиев Акбар,Ишенова Жазеля,Осмонов Бекназар,Орозкулов Азим.
4б-класс Табалдиева Маржан Бердибекова Адеми,Толонов Данияз,Бектурганова Айбийке.
Окуу нормасын ар бир класс жетекчи алып туршат.График класста илинип турат,ошого крата окуучулар шыктанышат.Окуу нормага жетпеген окуучулар сабактан кийин алып калынат,начар окуган окуучулар менен иш алып барышат.
УБ башчысы: Джанболотова Р.Р
Комментарии