«Айданек» 3 сааттык бала бакчанын ачылыш аземи
Бирлик жалпы орто билим беруу мектебинде «Айданек» 3 сааттык бала бакчанын ачылыш аземи 2024-жылдын 20-декабрында болуп отту. Ачылуу аземине Туп айыл окмотунун башчысынын орун басары, Туп райондук билим беруу болумунун метод кабинетинин окулу, айыл тургундары ж.б. коноктор келип катышып кетишти. 3 сааттык бала бакчанын имараты эски кароосуз турган эле убагында. «Келечек учун билим беруу» долбоору тарабынан ички жасалгалоосу толук капиталдык ремонттон отту. ичи жылууланып, терезелер алмашып, балдарга ылайыктуу унитаздар, жуунучу рокавиналар коюлду. Имараттын сырты Туп айыл окмоту тарабынан чатыры алмашты, сырты толук капиталдык ремонттон отту. Эски имарат жаны имаратка айланып, жыйынтыгында «Айданек» 3 сааттык бала бакча ачылып , кызматкерлер алынып 50 3-4-жаштагы балдар бала бакчага келип, билим алышып, ойноп, дуйно таанымы кенейуудо. Ата-энелер, айыл тургундары да суйунуп, балдарын оз убагында жетелеп алып келишуудо.
«Балдар биздин келечек!»-демекчи балдарга кандай кам корсок алар эртен бизди багат, туура тарбиялап, билим беруу мугалимдердин, тарбиячылардын, ата-энелердин жалпы коомчулуктун милдети!!!
Комментарии